Бишкектеги мончолордун биринде 23 жаштагы кызды сабады делген эки аялдын аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Арыз ээсинин айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Бишкектеги коомдук мончолордун биринде болгон. Анда белгисиз эки аял жаман сөздөр менен сөгүп, сабап салышкан.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Эки аялдын аты-жөнү такталууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.