Бишкекте мас абалдагы аял кафенин акчасын төлөбөөгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-май күнү саат 19:30 чамасында Свердлов РИИБине шаар тургуну кайрылып, 25-30 жаштардагы мас абалдагы аял кафенин акчасын төлөбөй, витринаны жана кафе ээсинин телефонун сындырып салганын айткан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, 33 жаштагы Э.Жны кармашкан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголду.