Орусияда таксист болуп иштеген Кыргыз жаранынын унаасын айдап качкандар жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 10-майда түнкү саат 03:30 чамасында Санкт-Петербургда таксист болуп иштеген 28 жаштагы Кыргыз жаранынын "Hyundai Solaris" үлгүсүндөгү автоунаасына 3 адам жүргүнчү катары отурган. Алар Энгельс көчөсүндөгү үйдүн жанынан айдоочуну эшикке түртүп чыгарышып, унаасын айдап качышкан.
Унааны айдап качып бараткан 38 жаштагы киши башкаруусун жоготуп, жарыктандыруучу түркүктү сүзүп алган. Натыйжада ал жаракат алып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Калган экөө (29, 38 жашта) камакка алынган.