АКШ бийлиги террордук уюмдун башчысы тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйлык берерин билдирди

АКШнын бийлиги террордук уюмдун башчысы тууралуу маалымат берген адамга 10 миллион доллар өлчөмүндө сыйлык берерин кечээ, 10-майда билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, АКШнын бийлиги "Жабхат ан-Нусра" террордук тобунун башчысы Абу Мухаммед аль-Жулани үчүн 10 миллион доллар акчалай сыйлык берилерин жар салган. Аталган уюм "Аль-Каиданын" Сириядагы бутагы болуп саналат. Бийлик өкүлдөрү "Жабхат ан-Нусранын" лидери тууралуу берилген маалымат жашыруун сактала тургандыгына кепилдик беришкен.

"2016-жылы жайында "Жабхат ан-Нусра" "Аль-Каида" менен мамилесин үзө тургандыгын билдирип, аталышын "Фронт Фатх аш-Шам" деп өзгөрткөн. Абу Мухаммед аль-Жуланинин башчылыгы алдында уюм Сирияда бир катар террордук чабуулдарды жасаган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-05-11 16:00:46
Маалымат берген адамга Америка дагы террористтер да тынчтык бербейт го кийин. Террористтердики го тушунуктуу ал эми Американын ЦРУсу бул информацияны каяктан алдын каяктан билесин деп кайра озуну кармайт
+7
Shekeev969798
2017-05-11 16:01:00
Кандай маалымат бериш керек мына жерде журот деп айтышын керекпи
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан