ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы эки милиция кызматкеринин кыскартылган ишин текшерет

Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы шаар тургунун сабаган эки милиция кызматкеринин кыскартылган ишин текшерет. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кечээ, 10-майда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы ишти кайрадан текшерип чыгуу үчүн материалдарды алып кеткен.

Буга чейин 21 жаштагы шаар тургунун сабаган эки милиция кызматкеринин иши кыскартылганы белгилүү болгон.

Айта кетсек, окуя 29-январь күнү Бишкектеги кафелердин биринин кире беришинде болгон. Интернетке тараган видеодон эки милиция кызматкери 21 жаштагы шаар тургунун эч себепсиз сабап салышканын көрүүгө болот.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында тургунга кол көтөргөн милиция кызматкерлеринин өздүгү такталган. Свердлов РИИБинин кызматкери 1992-жылы туулган И.Э. жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкери 1991-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, ички иштер органдарынан айдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ady-88
2017-05-11 15:46:33
Эми кайра иш келишет экен булар
0
KGstan1981
2017-05-11 16:31:17
Сабалган баланын атасы арызын кайтып алыптыр.Себеби баласын урган милиционерлер алыс тууган болуп кетет экен.Атасына наалат баласын ден соолугун алыскы туугандан томон корот экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан