Бишкектеги "Кудайберген" базарынын жанында 15 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган айдоочу 1959-жылы туулган, Т.А.В. аттуу шаар тургуну экени аныкталган.
Айта кетсек, жол кырсыгы 10-май күнү саат 22:00 чамасында Патрис Лумумба көчөсү тараптагы "Кудайберген" базарынын жанында болгон. Анда ак түстөгү Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 15 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада жан берген.