Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип кармалгандардын үчөөнө айыбы угузулду

Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип кармалгандардын үчөөнө айыбы угузулду. Орусиянын Тергөө комитетинин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, жалпы 10 адам кармалды. Алардын ичинен Бахрам Эргашев, Ибрагимжон Эрматов жана Махамадюсуф Мирзаалимовго "террордук акт", "жарылуучу затты мыйзамсыз алып жүрүү" боюнча айып тагылды. Метродогу жардырууга шектелип кармалгандардын калгандарына жакынкы арада айыбы угузулат.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 15 адам каза болгон. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан