"Кусалык", "Кыргызстан" аттуу ырлары менен элге таанылган ырчы Кумар Асанов акыркы убакта таптакыр сахнадан алыстап кеткен. Көрсө, ырчы чыгармачылыкты убактылуу жыйыштырып, Байыркы Кытайдын уруш өнөрлөрүн үйрөнүп жаткан экен: "Мактангандай болбоюн, бирок менде азыр көп өзгөрүү бар. Кассир да, официант да болуп иштедим. Эми жаңы өнөрдү үйрөнүп жатам. Чыгармачылыкка да жаңы дем менен киришем", - дейт.
Ырчы кандай жакка өзгөрдү болду экен деп турсаңыз, "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санындагы (№758, 12-май, 2017-жыл) маекке көз чаптырыңыз.