Санкт-Петербургдагы жардырууга катыштыгы бар делген дагы бир адам кармалды

Москвада жардыруучу заттарды мыйзамсыз саткан орто азиялык жаран кармалды. Бул тууралуу Коопсуздук боюнча федералдык кызматы кабарлаганын Риа Новости жазып чыкты.

Кармалган Эрматов Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүү Акбаржон Жалилов менен катыштыгы болгонун белгилешкен федералдык кызматтан.

"Тергөө амалдары учурда Эрматовдун терактка болгон катыштыгынын деңгээлин аныктоодо. Шектүүнү кармоо тергөө комитетинин буйругунун алкагында өткөрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда метродогу жардыруу боюнча кылмыш иште Ибрагимжон Эрматовдун терактка катыштыгы бар-жогу аныкталып жатат. Ал бүгүн кармалган жаранга тууган болобу белгисиз.
Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 15 адам каза болгон. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NUR-01
2017-05-12 00:36:01
Аллах озу сактасын
+1
Abdusamat.kg
2017-05-12 09:17:06
Орто Азиялык дегени туура . Өз-бок десе андан да туура . ФСБда иштеп улутуну аныктай албаса уят да
0
Sema87
2017-05-13 01:59:34
Оздору уюштуруп алып эмне кылаарын билишпей ар нерсе болуп жатат эмне кылса да окшошпой калды такыр Орустар озу да ишенишпейт БСФ нын кылганы болдуда бироодон заказ алышып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан