Чүй облусундагы абактардын биринин жанынан 34 жаштагы жаран 2 килограммдан ашык маңзат менен кармалды

Чүй облусундагы абактардын биринин жанынан 34 жаштагы жаран 2 килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы Ноокен районунун тургуну ИИМдин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны текшерүүгө алган учурда 1 килограмм 625 грамм марихуана жана 478 грамм гашиш табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү №1-СИЗОго киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан