Баткенде чек ара режимин бузган аңчылар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-май күнү Баткен облусундагы "Катраң" чек ара заставасынын чек арачылары тарабынан Лейлек районундагы Ак-Суу ашуусунда 3 Кыргыз жараны кармалган. Алар чек ара тилкесинде аңчылык кылышып, мамлекеттик чек ара режимин бузушкан. Ошондой эле Өзгөрүш айылынан Ак-Суу ашуусу тарапка аңчылыкка бара жатышкан 3 жаран кармалган.
Азыркы тапта тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.