Чүй облусунда адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-май күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Алексеевка айылындагы турак үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылганы айтылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 48 жаштагы жаран кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү мас абалда маркумга бир канча жолу бычак сайганы аныкталган.