Бүгүн Италиянын борбору Рим шаарында жардыруу болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жардыруу почта бөлүмүнө жакын жерде болгон. Азырынча каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Алдын ала маалымат боюнча, колго жасалган жардыруучу зат токтоп турган эки унаанын ортосуна коюлганы айтылууда. Азыркы тапта кырсык болгон жер полиция тарабынан курчоого алынып, жардыруучу затты ким коюп кеткени такталууда.