Бишкекте дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркутуп, карактоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 9-март күнү саат 20:30 чамасында болгон. Анда Бишкектеги дүкөндөрдүн бирине белгисиз адам кирип, сатуучуну бычак менен коркуткан. Сатуучу өз учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, белгисиз адам көздөгөнүн толук ишке ашыра албай качып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Ч.М. кармалды. Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.