Бишкекте эки окуучунун бирин Лексус, экинчисин Хонда үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти

Бишкекте эки окуучунун бирин Лексус, экинчисин Хонда үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан эки окуучунун бирин Лексус RX 300 үлгүсүндөгү, ал эми экинчисин Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген.

Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Азыркы тапта издөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Mers124
2017-05-12 18:17:12
Негизи жөө адамдар да сүзсөң сүз дегенсибей абайлап басышса. Байкуш шоопурлар бейкүнөө жерден соттолуп кетип атат. Кечээ маршрутканын алдына велосипедчен бала кирип кетип каза болду. Маршрутканын айдоочусу камалды.
+7
CEO
2017-05-12 19:18:56
Mers124, айдоочулар куноолуу албетте, керек болсо пешеходдон сузуп кетип жатышат. Шаар ичинде максималдуу ылдамдык 40км/саат, айыл ичинде 60км/сааттан ашпаш керек. Жоо жургунчулорду сузуп кетип жаткандар эрежени бузбай айдаса ошол кырсыктар болбос эле, же алар ошол ылдаидыктан ашпай машинесин кутурбай жай айдашкан деп кепил боло аласынбы?!!
0
Satana
2017-05-12 20:44:07
Айдоочулар дагы
11-троллейбустар дагы
Жол эрежесин сактап журушсо
0
Ayida
2017-05-12 18:21:22
Адамдар да куноолу бирок машина айдагандар да катуу айдашат тообо кылдым
+1
ady-88
2017-05-12 18:39:01
Тимеле жан алгыч аркасынан кууп бараткандай 100 120 ны басып айдашат шаардын ичинде тооба кылдым.
+4
dina1983-19
2017-05-12 18:40:17
Жол эрежесин сакташ керек айдоочуда жөө жүргүнчүда
+4
Nevestkaa
2017-05-12 18:41:32
Айдоочуларга эмне болгон,сүзүп андан ары качып.Жабыркаган адамга жардам берсе балким тирүү калат ,жазасы да бир аз жеңилдейт го.
+2
Tolkun555
2017-05-12 18:47:05
Пешеход жок жерден өткөн жөө жүргүнчүлөргө да штраф салыш керек россиядагыдай кылып.баары жол эрежесин сакташ керек.
+3
Izdeim_seni.
2017-05-12 19:14:16
Мен жакында Таласка барып оозум ачылып калды. Базардын жанында сфетофор бар экен . бирок эл такыр карабай ото беришет экен. Кызыл куйуп туравы,жашыл куйуп туравы эч эле иштери жок экен. Ото тан калычтуу.
+3
CEO
2017-05-12 19:22:22
Izdeim_seni., Кыргызстандын копчулук жеринде ошондой, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас ж.б. Андайда ошол жерлерге ГАИшник коюш керек, элди светафор менен журууго кондурсун. 1 ай турса милиция, эл да конуп калат светафордун жарыгына карап отууго...

ГАИшниктер качан болсо бадалдын арасына жашынып пара алууну ойлобой оз иштерин так кылса...
+4
Kroxa
2017-05-12 19:35:10
Бизде жоосу да айдоочусу да эрежени тук билишпейт..знакты койгон менен конул буруп кароо жок тоодон тушкондой эле журобуз,анан баарыбыз кыйынбыз..
+4
Albinka.87
2017-05-12 20:13:29
Жоо жургунчулор абайлап эмес айдоочулар абайлап айдашты билиш керек. Жоо сургунчу сузсон сузо бер деп жолго жатып алса да айдоочу токтош керек. Биздин айдоочулар антпейт тар жолдордо жарышат анан четиндеги ойноп аткан балдарды сузуп кететта. Акчасы коп праваны сатып алат анан ар кимди сузуп зыян апкелгендер кобойду.
+3
Totyua.71.
2017-05-13 06:53:12
праваны сатып алышат Жол эрежени билбейт адырандатып болгон ылдамдык менен Айдап ушул иш болуп жатат,токтото албай кылып жатат адамдарды сузуп
0
Nuura
2017-05-13 08:35:09
CEO кечиресиз мен Жалал - Абад та жоо журуп ,элдерди жашыл жанып,турганда отконун коргон жокмун.Бирок,бир жагы сиз айткан да туура бир ГАИ туруп тушундуруш керек жашылдан отуп жаткан элдерге.Бишкек менен Ошто машина айдаш ото эле кыйындай сезиле берет мага Жалал - Абад та болсо машина аз айдоочулар ото деле каттуу айдашпайт центрде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан