Бишкекте окуучуну сүзүп, качып кетти делген айдоочу кармалды

Бишкекте окуучуну сүзүп, качып кетти делген айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу таксист болуп иштейт. Ал окуучуну сүзбөгөнүн, окуучу өзү келип урунганын айтууда. Азыркы тапта унаасы айып жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн түштөн кийин Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан эки окуучунун бирин Лексус RX 300 үлгүсүндөгү, ал эми экинчисин Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген. Ал эми Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткени айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
daak9191
2017-05-12 23:38:12
Чынында жол кырск коп болуп жатат балдарга ата энелер жолдон шашпай от деп коп айткылачы чынында элдерде да куно ой келди жерден чыга калып жатышат мен машина айдап баратканда эл машинадан эмес машина элден коркуп калдык
+1
Nargiza1987k
2017-05-13 06:02:19
Озу келип сузулду дебей шарт ооруканага жеткирбейби качып кетпей куноосу барда ошол учун качтыда
0
abusait
2017-05-13 06:13:42
Балдардын акыбалы кандай? Канчалык денгээлде жаракат алган? Толугураак маалымат бериниздерчи.. .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан