Түркиянын Анталия шаарында сойкулукка шектелип, 22 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сойкулукка бөгөт коюу иш-чарасынын негизине Гүзелоба районунда жалпы 78 чет элдик жаран кармалган. Стамбулдагы башкы консулдуктун алдын ала маалыматы боюнча кармалгандардын 22си Кыргыз өлкөсүнөн барган кыз-келиндер.
Азыркы тапта алар Анталия шаарындагы Миграция башкармалыгынын бөлүштүрүүчү жайында кармалышууда. Жакын арада Кыргыз жерине депортация болушат.