13-майга караган түнү Бишкектеги Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде тигүү цехи күйүп кетти. Аны өчүрүүгө ӨКМнын 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өрт өчүрүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тигүү цехиндеги өрт тууралуу маалымат саат 02:11де келип түшкөн. Фучик көчөсү 31 дарегиндеги "Акмарал" ЖЧКсынын тигүү цехинин 250 чарчы метр аянты өрттөнүп кеткен. Жалпысынан 30 тигүүчү машина, 30 стул, 5 миң даана көйнөк күйүп кеткен. Өрт саат 05:17де өчүрүлгөн. Кырсык болжол менен электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан.