Бүгүн, 13-майда Жогорку Сот көзөмөл даттануу боюнча Алмаз Абеков, Азамат Мурзалиев жана Кенжебек Аман уулуна карата жазык ишин карады. Анда Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 28-ноябрындагы өкүмү күчүндө калтырылды.
Эске салсак, 2012-жылы январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Альфа Телеком" жабык акционердик коомундагы коррупциялык схемалар тууралуу айтып, чыгым 142 миллион сом экенин билдирген. Ошол эле жылдын май айында уюлдук компаниядан дагы 6 миллион доллар каражат оффшордук зонага кеткени маалымдалган. Бул боюнча "алдамчылык", "коммерциялык уюмдарда иштегендердин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Абековго коррупциялык схемалардын башкы уюштуруучусу катары айып тагылган.
2016-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Алмаз Абековду 25 жылга, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиевди 12 жылга, “Новострой Сервис” ишканасынын мурдагы төрагасы Кенжебек Аман уулун 8 жылга эркинен ажыраткан.
Ал эми 2016-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаардык соту райондук соттук өкүмүн күчүндө калтырган.