Түркияда туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, 20дан ашык адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн Түркиянын түштүк-батышындагы Мугла провинциясында болгон. Анда туристтерди ташыган автобус Мармарис-Мугла унаа жолундагы бурулуштардын биринде жол кырсыгына кабылган.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 23 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган. Каза болгондордун көбү орто курактагы аялдар экени айтылууда. Азырынча кырсыктын эмнеден улам келип чыкканы белгисиз.