13-майда саат 16:30дар чамасында Чүй облусунун Ленин районунда Тайота Калдина унаасын башкарып бара жаткан айдоочу жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдо мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал Чүй ОИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан үч сааттан кийин кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2005-жылы туулган окуучу ооруканага жеткирилген. Анын абалы канааттандырарлык.
Шектүү деп 1993-жылы туулган жаран кармалды. Ал мас абалда болгону аныкталды. Анын унаасы айып жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.