Бүгүн, 14-майда Бишкектеги Панфилов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу жабырлануучулардын бири Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, болжол менен 25 жаштагы айдоочу Инфинити үлгүсүндөгү жол тандабасы менен катуу ылдамдыкта келип, эки унааны сүзүп, токтобой качып кетти. "Унаамда кызым болгон. Ага "Тез жардам" көрсөтүлгөн соң №3-балдар ооруканасына алып бардым. Кызым жеңил жаракат алыптыр. Кырсык болгон жерде Патрулдук милиция кызматынын инспекторлору иштеп жатышат. Бизди сүзгөн айдоочу азырынча табыла элек", - деди Жумаков.