"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ошто аттракциондун кулашынан жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Бүгүн, 14-майда болжол менен саат 17:00 чамасында Ош шаарынын "Жеңиш" сейил багында (Алишер Навои атындагы сейил багы - эски аталышы - ред.) жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктан улам жабыркагандардын төртөөсү Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Алардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Андан сырткары 4 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

"Кырсык болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Башкармалыктын жетекчилиги дагы болуп, жеринен таанышышты.Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу эртең кошумча маалымат беребиз", - дешти милициядан.

Оштогу паркта аттракцион кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Eleko
2017-05-14 23:23:44
Ушул атракцион союз маалындагы эле,канча жылдан бери иштетишет,срогу отмоктон отуп кеткен.Бала кезде ойноп журуп андан бери биз карыдык.Парк жетекчилиги жооп берсин,тиешелуу жазаларын алсын алчулар!Акча-акча деп олуп эле калышат чириген темирди да айлантып жанын коюшпай,созсуз ушундай кырсык болуп тушуп калыш керек беле,напсини да тыйыш керек да!
+9
Azatbek83
2017-05-14 23:26:44
ХХХ акча деп журо бербей жакшылап ондоп текшерип койбойсунарбы!!!
+4
Atiku.samatova
2017-05-14 23:45:01
Эмнелер эле болуп жатат....
-2
557
2017-05-15 00:19:24
Тооба кыргызым аман бололучу
0
Kroxa
2017-05-15 00:21:55
Акча акча керек балдардын убал сообун ойлошпойт эскилиги жеткен каруселди текшербей эле иштете береби??Жоопко тартылсын..Ноокендеги уулангандар кардай болуп калышты экен??? Балдарды сузуп кетип,балдарды уурдап кетип,балдар ууланып,балдар каруселден кулап,эмне эле куноосуз наристелерге жабышып жатат кырсык кудай ай деги балдар баарыбызда бар сакайып кеткиле чуркап ойноп эле турсанар экен ата эненин мандайында..балдар биздин келечегибиз!!!
+10
meni_kut
2017-05-15 00:28:16
ушул эле Навои парктан белине ремен байлап уулум секирип атканда ремень узулгон.Бут текшеруудон отсун.Тиешелуу чара корулсун,талар кылабыз!!Супер инфо жеткирип коесунар деген умуттомун.
+8
KGstan1981
2017-05-15 01:57:59
Эми бул кырсыктыда азыркы уяты жок бийлик Оштун мурунку мэри кыргыздын патриоту болгон Мелис Мырзакматовко тонкоп коюшпашса эле болду.
+4
Baku88
2017-05-15 03:25:43
Мелис эле Мелис дейсинер ана Мелисинердин ондогон паркы паркты оңдоп койду деп сүйүнүп атчынар эле
-7
MaksAruna
2017-05-15 04:08:04
Baku88 tuugan myndai uchurda bir az ozunuzdu karmap koiunuz sabrduulukka chakyram
Melis baikenin ketkenine kop boldu go
+2
nurbekasr
2017-05-15 05:58:06
Иий жаман иш болуптур,жапа чеккендер батыраак жакшы болуп кетишсин.Эми Өкмөт каруселден жабыркагандарга деп эсеп ачып жиберсе эле үйрөнгөн адаттары боюнча.Негизи парктардакы карусель,колесо обозрениелерди жана башкаларын текшериш керек да,союз маалындакылар чирип болбой калды да.
+1
Nora
2017-05-15 06:20:18
eski karuselderdi jok kylysh kerek , kachan gana adam olgondo kozubuz achylat okshoit
0
madina.87
2017-05-15 07:27:43
Кудайым эле сактасын!
Айыгып кетишсин.
Жалалабаттын паркына кирсен эс албай эле башын ооруп чыгасын.
Бут эле жеке ишкерлерге болуп берип салган,тарак-турак,данка-дунк ж.б.
Азыраак эле салса болбойбу ушу
Т атракциондорду.
+2
Adil706070
2017-05-15 07:42:54
жандандыруу
-1
meni_kut
2017-05-15 07:56:50
Эч кандай мэр эмес ошол аттракционду иштетип акчасын алгандар текшертиш керек,акчаны алып,ошончо элдин жоопкерчилигин ойлобогон.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан