Ош шаарындагы "Жеңиш" сейил багында (мурдагы А.Навои атындагы сейил багы) аттракциондун кулашынан жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган аялга кандай диагноз коюлганы белгилүү болду.
Журналист Хулькар Исамованын айтымында, аталган кырсыктан улам учурда шаардык ооруканада 5 жабырлануучу жатат. "Жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген аялдын буту сынып, ага "жабык баш сөөк-мээ жаракаты" диагнозу коюлду. Анын абалы туруктуу. Мындан тышкары эки кыз травматология бөлүмүндө, дагы эки жабырлануучу нейрохирургия бөлүмүндө жатышат. Дарыгер маалымат берүүдөн баш тартты", - дейт кабарчы.
Эскерте кетсек, кечээ, 14-майда болжол менен саат 17:00 чамасында аталган сейил бакта жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен.