Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда акырындык менен жылып келе жаткан жер көчкү 56 турак жайды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер көчкү астында калган социалдык мекемелерден 1 фельдшердик-акушердик бөлүм, 1 мечит, 35 электр мамысы, айыл көрүстөнү жана мектептин пайдубалы бар. "Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 2017-жылдын 26-апрель күнүнөн баштап 61 турак жайдын жашоочулары көчүрүлүп, куткаруучулардын жардамы менен 4 социалдык мекеменин (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 фельдшердик-акушердик бөлүм жана 1 мечит) курулуш материалдарын чыгарып кетишкен. Жер көчкү айыл аймагынын көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.