Ош шаарынын "Жеңиш" сейил багында аттракциондун кулаганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сейил бактагы кулаган аттракцион боюнча Ош милициясы "Оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү тараптар жоопкерчиликке тартылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, кечээ, 14-майда болжол менен саат 17:00 чамасында аталган сейил бакта жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Аталган кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылган адам Кылмыш-жаза кодексине ылайык эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.