Бүгүн, 15-майда саат 08:30 чамасында Бишкекке жакын жерде үч унаа сүзүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Анын айтымында, Шабдан Баатыр көчөсүндө, Чүй каналынын төмөн жагында Мерседес-Бенц, Тойота жана Хонда сүзүштү. "Кырсык болгон жерден бир адам көз жумду. Андан сырткары бир эркек киши, бир аял жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда алардын аты-жөнү, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деди Исаев.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Мерседес-Бенц жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.