Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан суу сактагычтан 11 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Куткаруучулар суудан 2006-жылы төрөлгөн А.Р. аттуу баланын жансыз денесин алып чыгышкан. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда окуя боюнча тактоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.