"Молдокелердин" мушташынын күбөсү окуянын кандай болгонун айтып берди

Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын Алтын-Ордо конушундагы мечитте "молдокелердин" мушташынын күбөсү Сарыбай Дубанаев SUPER.KG порталына окуянын кандай болгонун айтып берди.

"26-апрелде биздин мечитке туура эмес багыттагы жамаат келген. Мен аларга "документтериңер жок экен, бул жерде амал кылышка болбойт" деп түшүндүрүп айттым, бирок алар баш ийбей коюшту. Анан мен балдарга "бул жамаатты сыртка тез арада чыгарыш керек" дедим. Эгер булар айылдарды араласа, бизге сөз тиет, кийимге асылат, башка асылат, ошонун аркасынан бизди жаман көрөт. Анан коңшу мечитте амал кылган спортсмен бала келди эле, ал жамаат менен айтышып, тапыр-топур чыгып кетти", - деди Дубанаев.

Сокулук районунун имамы Икрам Рысбаев бул мечитке муфтиятка моюн сунбаган адамдар атайын кагазы жок келгенин айтты. "Аларды мечиттен чыгаруу максатында "кирүүгө уруксатыңар жок, муфтиятка баш ийбей келипсиңер" деген сөздү айтышканда, алар баш ийишпей, ар кайсы сөздөрдү айтканына байланыштуу ызы-чуу чыгып кеткен экен. Биз учурда жамаатты сабырдуулукка чакырып, ынтымакка үндөп жатабыз. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүздүк", - деди Рысбаев.

Жергиликтүү милициядан SUPER.KG порталына билдиришкендей, аталган окуя боюнча арыз түшкөн эмес.

Айта кетсек, "Элдик видео" бөлүмүнө "Молдокелердин" мушташы" деген аталышта видео жүктөлгөн. Анда мусулманча кийинген сакалчан адамдардын башка сакалчандарды сөгүп сабап жатканын көрсө болот.

"Молдокелердин" мушташы жөнүндө жаңы маалымат (2)
"Молдокелер" мушташкан мечит (1)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Er-jurok.
2017-05-15 16:00:45
Туура!
Муфтиятга баш ийүү керек да.
+12
frunze12
2017-05-15 16:02:37
Биринчиден бул мечит эмнеге муфтияттын козомолундо эмес?! Эмне себептеп лицензиясы жок?! Биринчи лицензия алып анан ишмердуулугун баштоо керек го, мечиттин ачылышын кылып?!

Экинчиден ислам дини тынчтыктын дини дейбиз. Куч колдонуп мечиттен ур-тепки менен кууп чыгуу динге толук амал кылган такыба мусулмандарга жараша турган ишпи?! Бул маселени жай отуруп чечишуу мумкун эмес бекен?!..
+6
Abdusamat.kg
2017-05-15 20:52:32
frunze12, исламга динге кириш үчүн лицензия керек эмес ХХХ . Келме айтуу гана жетиштүү жана ибадат
-3
KarakuljaG
2017-05-18 15:54:09
frunze12, Сиз барып жай олтуруп чечип бериниз.
0
frunze12
2017-05-15 16:06:30
Учунчудон муфтияттан уруксат кагазы жок келишиптир дейт, чынында даватка чыккандардын копчулугундо уруксат кагазы жок. Муфтият бул боюнча иш алып барып, керек болсо ошондой жамааттарга айып пул же башка жаза беруусу мыйзам кабыл алуу отунучу менен ЖКке кайрылуулары керек...

Ал эми башка агымдагы жамаат болсо, ур-тепкиге алып кууп чыкпай милиция чакыруу керек эле. Балким хизбутчулар болсо, кууп чыккан менен маселе чечилмек беле?!
+6
frunze12
2017-05-15 16:10:44
Бизде мыйзаиэмдар иштеши керек, акыркы убакта имам, молдо-кожолордун мыйзамды аттап отконун коп коруп жатабыз. Мунун аягы жакшы болбойт. Бул кетиште ким бироону ташбаранга алып самосуд кылууга чейин барышат Афганистан же Иранда болгондой. Катардагы жаран болобу же молдо-кожо болобу мыйзамга баш ийиши, мыйзамды сыйлашы керек...

Башка коз караштагы жамаат болсо, ур-тепкиге албай, милиция менен муфтияттан адам чакыруу керек эле. Калганын ошолор чечет эле...
+6
Er-jurok.
2017-05-15 16:12:50
frunze12,Депуттар да мушташып жататго ХХХ Аларга да мыйзам чегинде чара көрүү керекпи анда?!
-6
frunze12
2017-05-15 16:17:22
Er-jurok., албетте!!! Илгери Союз убагында дароо иштен, кызматынан алынмак...

Ал эми молдолор диндин жузу, алар оздорун улгулуу алып журууго милдеттуу...

0
kechirmeni
2017-05-15 16:40:47
Er-jurok.,Кой айланайындар урушпагыла Сабыр кылгыла
+2
admin_portal
2017-05-15 16:43:03
frunze12, Er-jurok., 1. Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
2. Кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
-1
frunze12
2017-05-15 16:48:27
Арабызда динди толук тушунбой эле диндин фанаты болуп жаткандар коом учун кооптуу!!! Анткени алар толкуган дарыя сыяктуу, кайда бурсан ошол жакка кетет. Эртен аттуу баштуу бир дин адамы "Кыргызстанда халифат курабыз, ким мусулман болсо которулсун, чыксын" десе биринчи ушундай динди чала тушунгондор чыгат кочого... Сирияга жоноп жаткандар да исламды толук тушунбой туз жолдон адашкандар... Муфтият динди элге туура жана толук жеткируу ишин качан толук колго алат болду экен?!.
+7
pixduel1
2017-05-16 02:05:56
frunze12,туура айтып жатасынар! Бизде чала молдолор толтура! Тунку клубдарда жургон бузук балдар кызжар эртеси эле мечитке жоноп калышат ! Уялсанар боло! Кээ бири иши журушпой калса намаз окумуш болот бул оюн эмес!
+2
israil
2017-05-15 17:05:33
Муфтиятка барып духу жетсе айтпайбы,,бул жерде кошунамдын ХХХ
-3
Kosmos2013
2017-05-15 17:34:45
Согунгонуп мушташканы ашыкча. Чыныгы мусульман колу менен да тили менен да зыяны тийбеген. Сабр кылса болмок, бул видео менен канчалаган мусульман бир туугандарды жаман коргозду.
+5
banditka
2017-05-15 17:53:54
Kosmos2013, Сиздин оюнузга кошулам, бул нерсе менен динди жана дин жолунда жургондорду жаман корсотуп коюштулар
+4
Izdeim_seni.
2017-05-15 18:21:27
Актана башташыптыр да. Уят молдокелер кудайдан биринчи силер коркушунар керек эле.
+3
meni_kut
2017-05-15 18:46:00
Izdeim_seni.,Кудайдан баары коркуу керек бир эле алар эмес.
-2
sardaralay
2017-05-15 20:32:49
Izdeim_seni.,биринчи молдо эместер коркуш керек Кудайдан. Же намаз кылбасанар же орозо тутпасанар.
0
moskoy
2017-05-15 21:23:46
sardaralay,кудайдын уйундо намаз окуп алып согунуп тепкилешкендер корксун.
+2
meni_kut
2017-05-15 21:09:40
Откондо сонку кабарга уч балалуу вагондо кыйналып жашаган уйбулого сакалчан молдо уй куруп евроремонт жасап,ачкычты колуна тапшырды.Ошол коментте фрунзе же революция жок..14 эле коментарий.А молдолордун жаман жагын коргондо жарышып теманы толтуруп салышкан жаман коменттер менен.Анткени биз адамдар жакшыны жашырып,жаман жар салганды жакшы коробуз.Жуз жакшылык кыл унутат,бир жолу жамандык кыл омур боюу эстеп отот.
+2
moskoy
2017-05-15 21:27:22
meni_kut,андай жакшылыктарды башкаларделе байма бай кылып жатышат элге жар салбай эле.Силер бир жолу жакшылык кылып койупсунар элге жар салып чыктынарго.
-1
pixduel1
2017-05-16 02:08:16
meni_kut,эмне эле ушул окуяны айта бересинер? Бир колун менен бергенди экинчи колун корбосун дейт! Жардам кылсан ыраазычылык учун кылган он элге корунуу мактануу максатта эмес!
-1
mergen4i
2017-05-15 22:48:52
андайларды тартипсиз жамаат деп койушат го.Биздин мечитибизге да былтыр келгенде дароо кууп чыгышкан.Супердин элдик кабарына да чыкты эле ошондо
0
Bek4590
2017-05-15 23:07:28
Адамдар бизге улгу боло албайт, бизге пайгамбарыбыз (С.А.В.) улгу болот. Эртен революция сакал коюп бироо менен мушташса, биз революцияны ээрчибейбизда. Ошондуктан инсанды кумир тутпагыла, инсан ар дайым адашат. Бул мушташкан адамдар, Исламга эч качан терс таасир этпейт. Мусулмандар, пайгамбарыбызды ээпчигиле, ошондо эч качан адашпайсынар. Булар бизге окшогон эле адамдарда.
+2
pixduel1
2017-05-16 02:11:22
Bek4590,Туура кудайдан башка эч кимге ишенип молдолорду кудай туткан туура эмес! Намазды окуп бироого зыян тийгизбей, улгулуу , элге жардам колун созуп жургон бул эн мыкты сапат! Молдолордун созуно кирип ээрчиген болбойт жана ал кудай эмес баары алладан! Ал эми шайлоодо да адашпайлы элим...
-1
Snejana
2017-05-16 01:33:38
Ушул видеону аябай талкуулашты го. Анын эмнесин талкуулап, жабышып эле калышты. Молдокелер деле эркек да, урушат, согушат. Молдоке болсо эле улпулдоп, жини келбейби алардын. Соз менен тушундурот, тушунбосо ушундай кылып тушундурот да.
0
Baku88
2017-05-16 04:44:53
Буларды азыртадан тыйып азайтыш керек молдо болумуштарды даваатты такыр эле жоюп салыш керек а то даваат айтымыш болуп келип алып элди удургутушат
0
Jaloshtalnarisbatchui
2017-05-16 10:51:26
Молдоке бир чымынды олтуруп койсо балээ...Гитлер баптист эле ....канча адамды олтурду....сакалчан еврейлер Америкада ото коп,бут бузукулукту ошолор кылып жатышат.....газеталар ошолордуку болгон учун эч кимдин кабары жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан