Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз жаранын сабап өлтүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 13-майда Черепанов көчөсүнө жакын жерде болгон. Белгисиз адамдар 1993-жылы төрөлгөн Кыргыз жаранын сабашкан. Натыйжада ал ошол жерде каза болгон. Учурда укук коргоо органдары иликтөө ишин жүргүзүүдө.