Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы №18-үй-бүлөлүк медициналык борбордун жооптуу кызматкерлерине карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган медициналык борбордун кызматкерлери кызмат ордунан пайдаланып, бухгалтердик эсептин жумушчулары менен сүйлөшүп, эки банктан үй-бүлөлүк медициналык борбордун кассирине пластик карталарды ачышкан деп айыпталууда. "2013-жылдан 2017-жылга чейин ай сайын мыйзамсыз түрдө 200 миң сом өлчөмүндөгү акчаны бул карталарга которуп турушкан. Натыйжада бул акчаны өздөрү алышкан. Аталган кызматкерлердин мамлекетке келтирген материалдык зыяны 8 миллион 900 миң сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.