Мындан 49 жыл мурун, 1968-жылы 16-майда Лондон шаарында газ жарылып, жаңы курулуп бүткөн 22 кабаттуу мунара толугу менен кыйраган. Анын кесепетинен 4 киши каза таап, 17 киши жаракат алган. Жарылуу таңга маал бурчтагы батирдин жуунуучу бөлмөсүндө болгон. Кырсык имаратты куруудагы катачылыктардан улам келип чыккандыгы аныкталган. Бул окуядан кийин 10 жана андан көп кабаттуу үйлөрдөгү бөлмөлөргө газдын ордуна электр плиталарын колдонуу сунушу киргизилген.
16-майга карата жылнаама.