Бүгүн, 16-майда саат 15:07де Кыргыз өлкөсүндө жер титиреди.
EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, анын очогу Талас шаарынан түштүк-батышка карай 53 чакырым алыстыкта, Ташкент шаарынан түндүк-чыгышка карай 236 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө очогунда 4,6 баллга чейин жеткен.
Кыргыз Республикасынын Сейсмология Институту бул жер титирөөнүн күчү очогунда 5,5 баллга жеткенин билдирүүдө. "Зилзала Талас облусу менен Жалал-Абад облусунун чектеш тоо кыркаларында болгон. Жалал-Абад облусунда Аркыт айылында 5 баллга чейин, Токтогул шаарында 3-3,5 баллга чейин, Талас облусунун Талас шаарында 3 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам кыйроолор жана жабыркагандар жок.