Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-майда Максим Бакиев, Валерий Белоконь, Евгений Вербицкий, Анита Ласе, Сергей Костырын, Юрий Качнов, Марат Алапаев, Чолпон Иманалиева. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар Кыргыз өлкөсүндө коррупция жана компаниялардагы кирешелеринин изин жашыруу фактылары боюнча айыпталган. Аларга карата төмөнкүдөй өкүм чыкты:
Бакиев Максим Курманбекович - мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу жана мамлекеттик кызмат ээлөө укугунан 3 жылга чейинки мөөнөткө тыюу салуу;
Белоконь Валерий Валерьевич - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу жана банк тармагында иштөө укугунан 3 жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу;
Вербицкий Евгений Иванович - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;
Ласе Анита Юрьевна - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;
Костырин Сергей Александрович - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;
Качнов Юрий Александрович - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;
Алапаев Марат Ормонбекович - мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу жана мамлекеттик кызмат ээлөө укугунан 3 жылга чейинки мөөнөткө укугунан ажыратуу;
Иманалиева Чолпон Насырбековна - мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратуу.