Баткен жана Лейлек райондорунда сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кечээ, 16-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдан улам Баткен районунун Орто-Боз айылындагы 8 турак үйгө жана чарбактарына сел суулары кирген. Ошондой эле сел ички чарбалык жолдорду каптап, арыктарды кум шагылга толтурган.

Ал эми саат 17:40 чамасында Лейлек районунун Катраң айылы менен Өзгөрүш айылынын ортосундагы №13-жол тейлөө ишканасына караштуу жолду сел суулары каптаган. Мындан улам жол каттамында унааларга кыйынчылык жаралган.

"ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Күтүлүп жаткан аба ырайына карата, жергиликтүү тургундар өздөрүнүн турак жайларынын айланасындагы арыктарды тазалоо иш-чараларын жүргүзүүлөрү зарыл", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан