Сокулуктун Күн-Туу-Бишкек жолунда Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 30-35 жаштагы аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул туурасында SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди.
"Окуя 17-майга караган түнү болгон. Сокулук РИИБинин ыкчам тергөө тобу азиат түспөлүндөгү, жашы 30-35 чамасындагы аялдын жансыз денесин Күн-Туу-Бишкек жолунун чыгыш тарабынан табышкан. Азыркы тапта аялды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочунун өздүгү такталды. Ал 1993-жылы туулган Исламов Исламжан Махбуржанович. Күн-Туу айылынын жашоочусу. Айдоочу унаасын үйүнө токтотуп, өзү белгисиз тарапка качып кеткен. Анын атасы унааны милицияга өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Учурда жол кырсыгына шектелген адам изделүүдө", - деди Исаев.