Жайыл районунун Тепши капчыгайында табылган кыздын өздүгү такталды

Жайыл районунун Тепши капчыгайында табылган кыздын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 8-май күнү саат 12:30 чамасында Жайыл районунун Тепши капчыгайында белгисиз кыздын жансыз денеси табылган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.У. кармалган.

"Маркум 1991-жылы туулган С.М. экени аныкталды. Ал кылмышка шектүү менен жакшы тааныш болгон. 2016-жылы ноябрь айында экөө уруша кетип, шектүү С.Мны өлтүрүп, талаага көмүп койгон. Андан соң маркумдун туугандарына келип, чет өлкөгө иштегени кеткенин айткан. Мындан улам маркумдун жакындары аны издешкен эмес", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
raykray
2017-05-17 13:53:18
кызыкко чет олкодонда байланышка чыкпай атса издебегенин
+7
kalpak.kg92
2017-05-17 14:38:53
Супер инфо толук жазсанар кайдан болот экен ушул жонундо жазгыла
-1
Sagyn.91
2017-05-17 14:41:39
Ошондо 1 жылдан кийин табылып жатабы?.
Анда олумуно шектууну омур бою кучотулгон тартипте турмого отургузуу керек!
+3
bom.bon
2017-05-17 15:31:44
Sagyn.91,жоок 8 кун болсо керек?8-май деп туратко
-4
Kroxa
2017-05-17 18:07:35
bom.bon,8-майда табылыптыр...2016-ж.ноябрь айында олтуруп комуп койгон деп кыпкыргызча жазылып турат,окуганды да тушунуп окусак...
0
Kroxa
2017-05-17 16:56:35
С.М.жана А.У болсо эле тушунуктуу..
+2
Jazdyn_tany
2017-05-17 23:33:05
Орустар го? Же кыргыздар элеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан