Мындан 14 жыл мурун, 2003-жылы 17-майда Франциянын түштүк-чыгышындагы Лион шаарына жакын жерде туристтик автобус оодарылып, 25 киши каза болгон. Ичине туристтерди салып бараткан автобус Германиядан Испанияга багыт алган эле. Анын ичинде жалпысынан 77 жүргүнчү болуп, каза болгондордон сырткары 20 адам жаракат алган. Айрым маалыматтарга караганда, автобустун ичиндеги туристтер билеттерди лотерея оюнунан утуп алышкан. Жол кырсыгы жамгыр жаагандан кийин, айдоочунун башкаруусун жоготуп койгонунан улам келип чыккан.
17-майга карата жылнаама.