ЖЫЛНААМА, 17-МАЙ: 3 жыл мурун Лаосто учак аэропортко конор алдында кыйрап, 16 адам каза болгон

Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 17-майда Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан Лаос мамлекетинде Ан-74ТК-300 учагы аба майданына конор алдында кыйрап, 16 адам көз жумган.

Учак Лаостун Пхонсаван шаарында кырсыкка учураган, андан 1 киши аман калган. Анын ичинде аталган мамлекеттин бийлик өкүлдөрү болгон. Аскердик учак Вьентьяндагы Ваттай аэропортунан учуп чыгып, Сиангкхуанг провинциясына Лаостун улуттук армиясынын экинчи дивизиясынын 55 жылдыгын майрамдоо үчүн бара жаткан. Учак конууга даярданып жатканда анча узун эмес, башкача айтканда, 1500-2000 метрге жетпеген бийиктикте учкан. Учактын ылдый түшүрүлгөн шассиси аэропорттогу теректерге тийип, ошондон өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен ошол күндөгү экинчи дивизиянын 55 жылдыгын майрамдоо, аскердик жүрүш токтотулган.

17-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан