Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күн-Туу-Бишкек жолунда аялды сүзүп качып кеткен айдоочуну өзүнүн туугандары таап милицияга алып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди.
"Изделип жаткан Исламжан Исламовдун ата-энесине "балаңар качып жүрө берсе, кылмышы оорлой берет" деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бүгүн анын туугандары Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда жашаган эжесинин үйүнөн өздөрү таап милицияга өткөрүп берди. Азыр тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен кармалган Исламов жол кырсыгы болгон маалда спирт ичимдигин ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн наркологияга алынып кетти", - деди Исаев.
Эскерте кетсек, 17-майга караган түнү саат 01:30 чамасында Күн-Туу-Бишкек жолунун чыгыш тарабында Субару Форестер унаасынын айдоочусу 30-35 жаштардагы аялды сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон. Айдоочунун унаасы үйүнөн табылып, өзү изделип жаткан болчу.