Кыргыз-Өзбек чек арасында жер титирөө болду

Бүгүн, 17-майда саат 16:02де Кыргыз-Өзбек чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зилзаланын күчү очогунда 3 баллга жеткен. Очогу Шоро-Башат айылынан батышка көздөй 10 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка көздөй 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка көздөй 19 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түштүк-батышка көздөй 22 чакырым, Ош шаарынан түндүк-чыгышка көздөй 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Шоро-Башатта жана Өзгөндө жер титирөөнүн 2,5 балл, Жалал-Абадда 2 балл күчү сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам жабыркагандар жана кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kroxa
2017-05-17 18:40:28
Туштуктун эли кан чыгарып дуба кылыш керек тулоо откоруп дегендей кырсык азаят беле???..балдар деле тамдар деле айтоор жабыркап жаратылыш таарыныганын ошод жактан чыгарып жаткандай..илгеери,,жер титирегенде, кургкчылыкта жамгыр тилеп..жаан чачында жаабасын деп тилек менен кан чыгарып куран тушуруп тулоо откорчу элек
-5
Mazi1280
2017-05-17 21:38:29
Тулоо откоруп пейилибизди ондойлу туугандар
+1
mir777
2017-05-17 23:04:35
Кредитти токтотуп ыйман жолуна тушолу
0
aragorn11
2017-05-18 12:32:58
Баардык кыйынчылыктан жана балеелеринен бир кудайым озу сактасын. Эл да туура жолго тушуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан