Ала-Бука РИИБинин башчысынын орун басары маңзат менен кармалды

Ала-Бука РИИБинин башчысынын орун басары маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында маңзат сатуу менен алектенгендерди кармоо боюнча өткөрүлгөн атайын операциянын негизинде эки жаран кармалган. Алардын жанынан 4 килограмм 754 грамм баңгизаты табылган.

Кармалгандардын бири Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары 1971-жылы туулган К.Б. жана экинчиси "Коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин кызматкери 1973-жылы туулган Т.Н. экени аныкталган. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, кармалгандар камакка алынышты.

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Б. ички иштер органдарынан айдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Tolkun555
2017-05-18 08:05:43
Үстүндөгүлөр менен бөлүшпөй койгон окшойт.жөнөкөй адам бул ишти кыла албайт.бири бирин подстава кылса керек
+11
daak9191
2017-05-18 08:08:55
Тан атпай эле негатив жанылык чиркин
-5
lotte
2017-05-18 09:08:41
daak9191, супер инфо маалымат маанайшат гезити)
+5
Abdusamat.kg
2017-05-18 08:15:07
Негатив эмес жаман болсо да жакшы жаңылык. Аны адамдар колдонуп зыян тартмак да
+6
Kroxa
2017-05-18 08:26:17
Ички иштер болумунун башчысы,булар озулору ошону менен бизнес кылышат да кой ай деген киши жок акыры болушпой койсо керек ошордо бирин бири чукушат да болбосо баардык эле наркотик через ушулар аркылуу баасы чыгып керек болсо чет олкого жиберип аткан да ушулар...
+5
Tyty1990
2017-05-18 08:35:33
Милиция терисин жамынган баатыр.
+3
Nevestkaa
2017-05-18 09:03:29
Чоңдор мн бөлүшпөй койгон же булардын орду бирөөгө керек болуп подстава кылган.
+4
ady-88
2017-05-18 09:12:19
Ачык эле подстава. Кантип эле карга карганын козун чокусун.
+2
Makain
2017-05-18 09:53:41
Озулору сатат ХХХ
+3
briliant87
2017-05-18 10:00:43
Ушул жетпей турат эле да милицияга
+1
kenjebek_a
2017-05-18 11:54:08
Хороший мент мертвый мент дегендей булардын 98пайызы Элге кызмат кылбайт.Дагы элдин ишеними милицияга кайта баштаган имиш статистика боюнча.
+1
wwwbaxa
2017-05-18 12:13:07
кызматтан айдап туруп ишти жабат да,акча бар по любому....мында
0
Aitun
2017-05-18 22:19:30
Батыр аке озу канча жыл манзатка каршы курошкон отделинде иштеп журуп анан под полковник болгондо Ала букага РОВДнын замы болуп барган. Ага мындай иштин кереги жок полная подстава бул. Мен ишенбейм. Темселеп атамбаевдин жетим жугуругу болуп келген министир сорой кугунтука алып атат. Бут баары билип эле турат. Эл кылсада бул ишти Батыр аке кылбайт болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан