Бишкекте тигүүчү цехтин чатыры күйүп жатат

Бишкекте тигүүчү цехтин чатыры күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат таңкы саат 04:30 чамасында келип түшкөн. Анда Чолпон-Ата көчөсүндөгү тигүүчү цехте өрт чыкканы айтылган. Тилсиз жоо чыккан жерге эки өрт өчүрүүчү унаа барган.

"Саат 05:50дө өрт чектөөгө алынды. Өрттүн кесепетинен цехтин 400 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Азыркы тапта өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Жабыркагандар жок", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан