Бишкекте 51 жаштагы Качканак Аалиев изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Качканак Аалиев үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү саат 02:00-05:00 чамасында Көк-Жар кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
"Бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара коңур түстө. Башынын каракуш жагында тырыгы бар. Ошол күнү ак кепка, спорттук шым, кара түстөгү туфли кийип жүргөн. Эгерде аны көрүп-билгендер болсо, 0 312 56 44 02, 0 554 102 147, 0 553 102 836, 0 550 102 238 телефон номурларына чалып, кабарласа болот", - деп айтылат маалыматта.