Бишкек шаарынын Октябрь районунун "Ницца" шаарчасында аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракеттенди. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган шаарчадагы №35-“А” үйүнүн 4-батиринде аял өзүнүн өмүрүнө кол салууга аракет кылган. "Батирдин эшигин милиция кызматкерлери ачкан. Аялды куткарууга 4 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.