Ала-Арча суусунан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жашы 20-25 чамасындагы белгисиз аял кишинин жансыз денеси 13-май күнү Чоң-Арык айылындагы Ала-Арча суусунун чыгыш тарабынан табылган.
"Бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара түстө, бети сүйрү. Ал кара түстөгү кофта, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Эгерде сүрөттөгү аялды тааныгандар болсо, 0 553 102 465, 0 703 401 600, 0 312 352947, 352605 номурларына чалып, кабарласа болот", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин билдирүүсүндө.