Чолпон-Ата шаарында жоголгон 2 жашар кыз табылып, аны көтөрүп кеткен аял сурак берүүдө

Чолпон-Ата шаарында жоголгон 2 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 17-май күнү саат 20:30 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы санаторийлердин биринде болгон. Анда Бишкектен келген үй-бүлөнүн 2 жаштагы кызы каттоо учурунда адашып, жоголуп кеткен.

"Адашып, ыйлап жаткан кызды 37 жаштагы аял көтөрүп кеткен. Милиция кызматкерлери түн ичинде ал аялды таап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Анын айтымында, караңгыда ыйлап жатканынан үйүнө алып кетип, эртең менен алып келейин деген. Азыркы тапта 2 жаштагы кыз ата-энесине өткөрүлүп берилип, материалдар юридикалык баа бериш үчүн Ысык-Көл райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. Учурда ал аял прокуратурада сурак берүүдө", - дейт Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
blinkob
2017-05-18 12:51:04
Жакшылык кылам деп куйуп калдыбы ошондо?
+3
meni_kut
2017-05-18 13:09:16
blinkob,тан аткыча энеси жинди болуп кетпейби,ой жок аял го
+4
blinkob
2017-05-18 13:11:59
meni_kut,кечиресиздер энесин ойлобопмун. милицияга апарыш оюна келбегендир. Ким билмин адамдын исиндегисин билиш кыйын да.
+1
Zeinep_gunew93
2017-05-18 13:07:50
Бегзатты да ушинтип тапкылачы
+5
Edik_86
2017-05-18 13:08:03
ыйлап жаткан баланы уйуно эмес, туз эле милицияга алып барыш керек эле
+7
Truelensk
2017-05-18 14:24:39
Акырын жайлоого алып чыгып малай кылып алмак да.болбосо милицияга алып барат эле го.
-6
meni_kut
2017-05-18 19:02:54
Truelensk,фантазиян укмуш го))
+2
Barchynbek
2017-05-19 05:45:28
Болбосо чон суйунчу алам деп умут кылса керекта.ким билет.аны бир гана кудай билет эми эмне ойдо алып кеткенин.
0
Ajar812
2017-05-19 11:23:54
Ушинтип уурдап жургон акмактыр кантип бироодун баласын уйуно алып барат Бул аял менен милициялар жакшылап иштесе башка кылмыштары да чыгышы мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан