"Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылы жакта кичинекей балдарды уурдады" делген адам табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Азырынча балдары жоголгонун же уурдалганын айтып бизге эч бир ата-эне кайрыла элек. Окуянын күбөсүнүн айткандары боюнча балдарды уурдап кеткен унаанын ээсин издөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-майда Беш-Күнгөй айылы жакта белгисиз адам тарабынан эки кичинекей баланын уурдалганын окуянын күбөсү болгон Евгения Моисеенко аттуу интернет колдонуучу баракчасына жазган. Ал: "Тоодон кичинекей баланын кыйкырганы угулганынан Ауди үлгүсүндөгү унаа тарапка бардык. Унаанын арткы отургучунда белгисиз адам кичинекей кыз менен экен. Ал эми дагы бир кичинекей бала унаанын жанында туруптур. Белгисиз адам дароо рулга отуруп өзүнүн балдары экенин айтып, бизге кыйкырып кирди. Балдардан эмне болгонун сураганыбызда, алар эч нерсе айтышкан жок. Чамасы алар коркуп калышкан. Айдоочу унаасын белгисиз тарапка айдап кетти", - деп билдирген.