Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мал айдап баратып аты менен сууга түшүп кеткен 67 жаштагы Тажимамат Абдыраимов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен Жазы дарыясына түшүп кеткен. Аны издөө иштерине ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 суучул тартылган. Учурда издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.