Бүгүн, 22-майда Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө Опера жана балет театрынын жанынан №4-каттамдагы троллейбус жөө жүргүнчүнү сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, жабырлануучу жөө жүргүнчүлөр өтчү жер тилкеси менен бара жаткан. "Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Троллейбустун айдоочусуна карата протокол түзүлүп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - дешти мекемеден.